• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстан БАЭ жана Сауд Аравиясынын энергетикалык агенттиктери менен кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 11.05.22 /Кабар/. Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаев Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Дүйнөлүк коммуналдык конгресс эл аралык стратегиялык конференциясына катышууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухайла Мохамед Аль-Мазруинин чакыруусу менен келди. Конференцияга Азиянын жана Европанын бир катар мамлекеттеринин энергетика министрлери катышты. Бул жаңы өнөктөштөрдү табуу жана энергетика тармагындагы акыркы тенденцияларды талкуулоо үчүн ыңгайлуу аянтча.

"Сухайл Мохамед Аль-Мазруи менен болгон эки тараптуу жолугушууда энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча маселелер талкууланды. Доскул Бекмурзаев Кыргызстандын гидроэнергетика тармагынын мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып, биргелешкен долбоорлорду жана инвестицияларды ишке ашыруу үчүн кызматташууга ачык экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Сапардын эң маанилүү учурларынын бири Сауд Аравиянын энергетика министри, ханзаада Абдулазиз бин Салман Аль Сауд менен жолугушуу болду.

"Араб жарым аралынын өлкөлөрү менен биздин байланыштарыбыз чыңдалууда. Энергетика министрлигинин аракеттери Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоого багытталган. Биз чоң максаттарга жете турган ишенимдүү өнөктөштөрдү издеп жатабыз. Биз инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз!", - дейт министр Бекмурзаев.

Эске салсак, апрель айында КР Энергетика министрлиги менен БАЭнин ири энергетикалык компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган. Бул компания өлкөбүздүн кайра жаралуучу энергия булактарынын потенциалын изилдейт.

Пикир

Оставить комментарий