• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан биринчи жолу Италияда өткөн шахбокс боюнча Дүйнө чемпионатына катышты

Спорт 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Кыргызстан биринчи жолу Италиянын Риччоне шаарында өткөн шахбокс боюнча Дүйнө чемпионатына катышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР шахбокс федерациясынын президенти Абасбек Доромбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган чемпионатка дүйнөнүн Канада, Америка, Россия, Кыргызстан жана башка 17 өлкөсүнөн спортчулар катышкан.

"Чемпионатка Кыргызстандан 4 спортчу катышып, шахбокс курама командасынын мүчөсү Акназар Кенжебаев алтын медаль жеңип алды. Ал алгач түркиялык, андан кийин франциялык атаандаштарын жеңип, финалда россиялык мушкерди артка калтырды", - деди Доромбаев.

КР шахбокс федерациясынын башкы катчысы Алияр Султанов белгилегендей, федерация быйыл март айында гана негизделгенине карабай, аталган дүйнө чемпионатында 17 өлкөнүн ичинен 8-орунду ээлегени чоң жетишкендик.

Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси Акназар Кенжебаев бул жеңиш жеңил келбегенине токтотулду. "Мен 6 жашыман тарта шахмат, ал эми 12 жашыман бери профессионалдык деңгээлде бокс менен машыгып баштагам. Бокстан машыктыруучу болуп эмгектенип, азыркы учурда бокс боюнча КР эмгек сиңирген машыктыруучусумун. Бирок, кайрадан чоң спортко келүү, тартипти сактоодо кыйынчылыктар болду", - дейт спортчу.


Шахбокс – спорттун гибриддик түрү, шахмат менен бокстун раунддарда кезектешип айкалышуусу. Шахбокс боюнча беттештер 2003-жылдан бери расмий түрдө өткөрүлүп келет

Пикир

Оставить комментарий