• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Казакстандын билим берүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда министр Каныбек Иманалиев 2023-2024-окуу жылына карата Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган Кыргызстандын жарандарынын арасында конкурстук тандоо башталгандыгын билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн билим берүү, илим багытындагы кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жана алдыга жылдыруу негизги максат экендигин белгилешти.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ЖОЖдорунун кызматташтыгын бекемдөө үчүн биргелешкен долбоорлор башталгандыгы маалымдалды.

Пикир

Оставить комментарий