• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 6 айда ооруканаларда жарым миллиондон ашык адам дарыланган

Ден соолук 0

Бишкек, 09.08.23./Кабар/. 2023-жылдын январь-июнь айларында республиканын саламаттык сактоо уюмдарында 557 миң 824 дарыланган учур катталган. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 544 миң 062 бейтап жалпы стационардык дарылануудан өткөн. Онкологиялык жана психиатриялык ооруканалар сыяктуу адистештирилген медициналык мекемелерде өлкөнүн 10 миң 904 жаранына медициналык жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары, 2 миң 858 бейтап кургак учукка каршы ооруканаларда дарыланган.

Социалдык категориялар боюнча ооруканага жаткырылгандардын эң көп саны:

- 18 жашка чейинки балдар - 31,8%;
- камсыздандырылбаган адамдар - 22,6%;
- пенсионерлер-15,0%;
- иштеген жарандар-7,4%;
- фермерлер жана жеке ишкерлер - 6,8%;
- социалдык жөлөкпул алган адамдар - 5,7% жана башкалар - 1,1%.

ММК фонду ооруканага жаткырылган бейтаптарга медициналык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында дары-дармектер, медициналык багыттагы буюмдар жана башка чыгымдар менен камсыздоо үчүн 6,3 млрд сомду каржылады.

Белгилей кетсек, ооруканага жаткырылганда бейтаптар камсыздандыруу статусуна ылайык, жеңилдиктердин болушуна жараша акысыз дарыланышат, же орто деңгээлдеги кошумча төлөм төлөшөт, же максималдуу сумманы төлөшөт.

Ооруканага жаткырууга кызыккан бардык маселелер боюнча ММК Фондунун 113 ишеним телефонуна чалсаңыз болот, адистер дем алыш күндөрдөн тышкары саат 9:00 дөн 18:00 гө чейин иштешет.

Пикир

Оставить комментарий