• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда медкызматкерлер коронавирустун мүмкүн болгон жаңы толкунуна даярданууда

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын мүмкүн болгон жаңы толкунуна даярдануу үчүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкы штаттан тышкаркы адистери дарыгерлер менен медайымдардын мультидисциплиналык командаларын кайра даярдоодо.

Министрликтен билдиришкендей, окутуу 22-27-мартта Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында өттү.

Медайымдардын мультидисциплиналык командасынын курамына жугуштуу оорулар боюнча алдыңкы адистер, пульмонологдор, реаниматологдор, кардиологдор, педиатрлар, акушер-гинекологдор, терапевттер, үй-бүлөлүк дарыгерлер, невропатологдор, эндокринологдор жана медицинанын башка тармактарынын өкүлдөрү кирет.

Окутуу Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустары жана Бишкек шаарында уланып, 10-апрелге чейин жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий