• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда орус киносунун жумалыгы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Чолпон-Ата жана Кант шаарларында 19-25-июль күндөрү "Орус киносунун жумалыгы" өтөт.

Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында Орусиянын эмгек сиңирген артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Наталья Аринбасарова конокторго "Биринчи мугалим" тасмасын тартуулайт.

Кино жумалыгын "ЭЛС" продакшн" продюсердик борбору уюштуруп жатат, өнөктөшү - Чолпон-Ата шаарынын мэриясы.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземи залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган кинону көрсөтүүдөн башталат. Ошондой эле ага КРнын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аскар Айтматовдун келиши күтүлүүдө. Салтанатты Ассоль Молдокматова алып барат.

Кино жумалыгында "Карп отмороженный" (режиссеру В. Котт), "Танки" (К. Дружинин), "Со дна вершины" (Я. Поляруш), "Чистое искусство" (Р. Давлетьяров), "Собибор" (К. Хабенский) толук метраждуу тасмалары көрсөтүлөт.

Андан тышкары Орусиянын эмгек сиңирген артисти, Луна театрынын актрисасы, ырлардын автору жана аткаруучусу Елена Кондулайнен менен чыгармачыл жолугушуу өтөт.

Пикир

Оставить комментарий