• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 3 өрт катталган.

Ош шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 14 чарчы метр кампасы (кладовая) жана эски тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Кемин районундагы Чымкоргон айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган убактылуу жашоочу турак үйдүн 25 чарчы метр ички жасалгасы жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 16 чарчы метр 1 бөлмөсү жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Курулуш кичирайонундагы көп кабаттуу турак үйдүн жанында “Ауди” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий