• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда ветеринардык сертификаттар онлайн бериле баштады

Коом 0

Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып электрондук ветеринардык сертификаттарды берүү системасы пайдаланууга киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө биринчи этап менен Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жаныбарлардан алынган азыктарды жана тирүү жаныбарларды экспорттоого форма 1, 2, 3 ветеринардык сертификаттары берилүүдө.

Тактап айтканда, 2023-жылдын 22-сентябрына карата "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы аркылуу 182 ветеринардык сертификат берилди.

Пикир

Оставить комментарий