• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык эки спортчу самбо боюнча дүйнө чемпионатында коло утту

Спорт 0

Бишкек, 12.11.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Жамалбек Асылбек уулу жана Саяк Бараканов самбо боюнча дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаментинен билдиришти.

Бүгүн, 12-ноябрь Бишкек шаарында самбо боюнча дүйнө чемпионатынын экинчи күнү өтүп жатат. 88 кг салмак категорияда Жамалбек Асылбек уулу жана күжүрмөн самбо боюнча 64 кг салмак даражада Саяк Бараканов коло байгеге ээ болду.

Белгилей кетсек, бүгүн кыз-келиндер арасында 65, 72 кг салмак категорияларда, эркектер арасында 71, 88 жана 98 кг жогору салмактарда жана күжүрмөн самбо боюнча 58, 64 кг салмактарда беттештер өтүп жатат.

Кыргызстандан 71 кг салмак категорияда Феликс Уланбеков жана 98 кг жогоркулар арасында Бекболот Токтогонов чемпионаттын финалына чыгышты.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий