• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Айыл чарба тармагы

Аналитика 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун башкаруусу алдында эки жыл аралыгында өлкөдө негизги жетишкендиктердин бири болуп айыл чарба тармагы бир кыйла өнүктү. Кыргызстан агрардык өлкө катары таанымал жана ушул багыты өлкөнүн экономикасын өстүрүүнүн негизи болуп келүүдө. Акыркы эки жылда айыл чарбанын түшүмдүүлүгү жогорку көрсөткүчтү көрсөттү. Мындай абал көп жылдан бери байкалган эмес.

Кыргызстанда бул тармак өнүккөн, бирок дагы да өнүгүүсү керектелет. Өлкө ичинде 300-400 логистикалык борбор курулушу керектигин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Ташболотов айтып келген.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 11 логистикалык борбор (айыл чарба азыктарын сактоочу жай) бар. Алар түшүм жыйналгандан кийин белгилүү бир шартта сактоо үчүн курулат.

Дагы бир маанилүү жагдай сугат иштери. "Мамлекеттик ирригация долбоорун ишке ашырууда чоң максаттарды алдыга коебуз. Талаптар жогору. Долбоорго ылайык, 2026-жылга чейин 65 миң гектар жерге суу алып барууну пландап жатабыз", - деп билдирген Сооронбай Жээнбеков.

Ирригация долбоорунун алкагында иштер комплекстүү чечилет. Жаңы жумушчу орундар түзүлөт, ал ички миграцияны азайтат. 65 миң гектар сугат жерлери пайда болгондо ал жерде калктуу конуштар пайда болуп, 240 миңден ашык жумушчу орундар түзүлөт.

Айыл чарба тармагынын адиси Юрий Куринскийдин айтуусу боюнча, ирригация тармагы өнүгүү жолунда.

"Бүгүнкү күндө сугат тармагында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Кээ бир объекттер ишке жакынкы арада берилет. Эки, үч жыл аралыгында сугат иштерине байланышкан көйгөйлөр жоголот. Сугат иштери суу түтүктөрүнө байланыштуу. Совет учурунда бир катар суу түтүктөр салынган, бирок алардын көбү жараксыз абалда. Президенттин демилгеси менен өлкөдө ирригация тармагы кайра жанданып, суу жеткирүүгө кыйын болгон жерлердин көйгөйү да чечилүүдө. Келээрки жылдарда түшүмдүн молдугун байкасак болот, анткени суу тартыштыгы байкалбайт", - дейт Куринский.

Эскерте кетсек, долбоордун прогарммасы 3 тайпага бөлүнгөн. Алгачкы тайпага каржылоо булактары белгилүү болгон 14 объекти кирет. Бул тайпадагы объекттерди республикалык бюджеттин эсебинен, КЭРдин гранты, Ислам өнүктүрүү банкынан алынган насыялар каржылайт. Экинчи тайпага 17 объект кирет, алар демөөрчүлөрдүн эсебинен курулат. Учурда демөөрчүлөр менен болгон сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу баскычка келген. Биринчи жана экинчи тайпадагы иштер 2023-жылга чейин аткарылат. 18 млрд сомго бааланган 31 суу чарба курулушу ишке берилет. Жыйынтыгында 27 миң гектар сугат жерлери пайда болот.

Президенттин көтөргөн демилгесинин негизинде иштер аткарылып жатканын Чүй облусундагы дыйкан чарбалардын биринин жетекчиси Виктор Гулаков белгиледи.

"Бул жылы президенттин колдоосу билинип турду. Суу түтүктөрүндө көйгөй жаралган жок, суу жетиштүү берилди, айыл чарба техникалары убагында даяр болуп, себүү иштеринде материалдар жетиштүү болгону көрүнүп турду. Мурунку жылы түшүм мол болду, ошондой эле кант кызылчасы да жогорку түшүмдү берди. Бул жылы да түшүм жогорку көрсөткүчтү көрсөттү. Сугат иштеринде көйгөй жаралбагандыктан мурунку жылдан кем эмес эгин жыйнап алдык. Өкмөт жер семирткичтерди алууга жардам бергендиктен кээ бир жерлерде эгин көп өлчөмдө жыйналгандыгы байкалды", - деп өз оюн Гулаков билдирди.

Белгилей кетчү жагдай, мурунку жылы айыл чарба тармагында ийгилик жаралганы билинип турду. Биринчи жолу дыйкандар рекорддук дан эгиндерди жыйнады.

Айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө маанилүү окуя болуп 2018-жылы 27-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан "Үрөн боюнча мамлекеттик дотация" мыйзамына кол коюусу болду.

Аталган мыйзамдын максаты – мамлекет тарабынан жогорку сапаттагы сертификацияланган уруктар менен дыйкандарды камсыз кылуу болуп эсептелинет.

"СССРде үрөнгө өзгөчө көңүл бурулчу. Биздин өлкөдө үрөн боюнча лабораториялар иштечү. Кыргызстан көп жылдык чөптөрдү өстүрүү боюнча алдыңкы орунда эле. Акыркы учурда буга көңүл бурула башталды. Дотация мыйзамы ар бир дыйкан үчүн маанилүү окуя болду", - деди адис.

Юрий Куринский белгилегендей, Кыргызстанда үрөн тармагында чоң көйгөй жаралып келген.

"Буга чейин дыйкандар үрөндөрдү Кытай, Италия жана Голландиянын өндүрүшүнөн алып келген. Бардыгына маалым болгондой бул өлкөлөрдө айыл чарба азыктардын сапаты төмөн келет. Ал эми, Кыргызстан акыркы жылдарда экологиялык таза азыктары менен таанылууга аракет кылууда. Жаңы мыйзамдын негизинде биз сапаттуу үрөндөрдү алууга шарт түзүлдү", - дейт Куринский.

Сооронбай Жээнбеков ата мекендик продукцияны жакынкы жана алыскы өлкөлөргө экспорттоону күчөтүүнү сунуштаган. Кайра иштетүүчү компанияга көңүл буруу керектигин, андагы эт жана сүт азыктарын, жемиштер жана жашылчаларды, жүн жана башка айыл чарба азыктарын Кытай жана башка өлкөгө экспорттоо иштерин жүргүзүшү зарылдыгын белгилеген.

Ал эми Чүй облусундагы дыйкан чарбалардын биринин башчысы Василий Дударев, айыл чарба тармагында пландалган ишмердүүлүк жүрүшү керектигин айтат.

"Мен дайыма айыл чарба тармагында пландалган ишмердүүлүк жүрүшү керектигин айтып келем. Мындай тажрыйба чет жакта ийгиликтүү иштеп келет. Эгер мамлекет дыйкандарга белгилүү азыктарга буйрутма берип турса, анда дыйкандар бир эгиндин үстүнөн карап иштемек. Маселен, кант кызылчасына буйрутма келип түшсө, бир гана кызылча менен алектенет. Түшүм дагы мол болмок. Андай болбосо дыйкандар каалаганын айдап кийин аларды сата албай, көпчүлүгү бузулууда", - деп белгиледи Дударев.

Акыркы эки жылда мамлекет Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы потенциалы чындыгында эле жогору экендигине күбө болду. Аталган тармакты дагы да өнүктүрсө анын түшүмдүүлүгү жылдан-жылга жакшыра берет. Өлкөнүн өнүгүүсү – аймактарды өнүктүрүү анын ичинен айыл чарба тармагы негизги бутактарынын бири.

Пикир

Оставить комментарий