• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын президенти Германиянын Федералдык вице-канцлери менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапарынын алкагында Берлин шаарында Германиянын вице-канцлери, экономика жана климатты коргоо министри Роберт Хабек менен жолугушту.

Соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кыргыз-герман эки тараптуу кызматташуусунун кеңири чөйрөсү талкууланды.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап менен болгон бул өзүнчө жолугушуу Федералдык Өкмөттүн Кыргызстан менен экономика, экология жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелерине кызматташууга көңүл бурууга даяр экендигин айгинелей турганын канааттануу менен белгиледи.

Германия менен соода-экономикалык кызматташууга токтолгон Садыр Жапаров өткөн жылы товар жүгүртүү 138%га өсүп, 180 млн долларды түзгөнүн канааттануу менен белгиледи.

Ал Германия Кыргызстандын Евробиримдиктеги негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болгонун жана болуп кала берерин баса белгиледи. Жакынкы келечекте кыргыз тарап күч-аракетин соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө гана эмес, экспорттук жөнөтүүнү көбөйтүү аркылуу соода балансын тегиздөөгө да багыттоо ниетинде.

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы өз ара инвестициянын деңгээлине токтолуп, Мамлекет башчысы потенциал толук ишке аша электигин белгиледи. Кыргыз Республикасы Германиядан, ошондой эле Евробиримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринен инвестиция тартууга абдан кызыкдар.

Президент Садыр Жапаров потенциалдуу инвесторлор Кыргызстандын Кытай менен Европанын ортосундагы логистикалык каттамдарда ыңгайлуу жайгашканына кызыкдар болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Германиянын вице-канцлери, экономика жана климатты коргоо министри Роберт Хабек Садыр Жапаров менен жылуу учурашып, Германия өзүнүн соода саясатында жаңы өнөктөштүктү караштырмакчы, бул Борбор Азия өлкөлөрүнө тиешелүү.

Министр немис ишканалары чет өлкөгө инвестиция салаардан мурун тигил же бул өлкө кандай шарттарды сунуштап жатканын, саясий кырдаал кандай экенин изилдеп жатканын баса белгиледи.

Роберт Хабек кошумчалагандай, анын милдети потенциалдуу немис инвесторлору менен Кыргызстандын рыногуна тартуу үчүн алар менен тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Вице-канцлер Кыргызстанда немис ишкерлерин кызыктырышы мүмкүн болгон үч тармакты атады: чийки зат, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана адам ресурстары.

Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багытталган кыргыз-герман кызматташтыгын активдештирүүнү макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий