• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык самбочулар Еревандагы Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Спорт 0


Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Армениянын Ереван шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Спортчуларды “Манас" эл аралык аэрпортунан Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Эркин Уметалиев, КРнын самбо федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө чемпионаты 10-13-ноябрь күндөрү өтүп, улуттук курама команда жалпы 5 медаль жеңди: 1- алтын, 1 - күмүш жана 3 коло.

Жамалбек Асылбек уулу (88 кг) спорттук самбо боюнча Дүйнө чемпиону болду. Ал эми Белек Бараканов (64 кг чейин) күмүш медалга ээ болду.

Ошондой эле, Саяк Бараканов (64 кг), Бекболот Токтогонов (+98 кг) жана Бектен Эркебай уулу (88 кг) коло медаль багындырышты.

Пикир

Оставить комментарий