• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык самбочулар Ереванда өтүп жаткан дүйнө кубогуна катышууда

Спорт 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан дүйнө кубогуна катышууда.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, бүгүн, 4-апрелде башталган Дүйнө кубогу эртең 5-апрель күнү жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:

Эркектер арасында:

- 58 кг Оболбекова Кемал (спорттук самбо);
- 64 кг Саяк Бараканов (күжүрмөн самбо);
- 71 кг Олжобай Күйкөнов (спорттук самбо);
- 98 кг Жээмырзаев Бекназар (күжүрмөн самбо).

Кыз-келиндер арасында:

- 50 кг Канышай Аманкулова (спорттук самбо);
- 59 кг Аида Асанбекова (спорттук самбо);
- 65 кг Мираида Медетбек кызы (күжүрмөн самбо).

Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаевдин жетекчилиги алдында медешке катышууда.

Пикир

Оставить комментарий