• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кызамыкка каршы вакцина. Баланы канча жашта эмдөөдөн өткөрүү керек?

Ден соолук 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Кыргызстандагы эмдөө графигине ылайык, балдар КПК вакцинасын 12 айында жана 6 жашында алууга тийиш. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

КПК вакцинасы балдарды кызылча, паротит жана кызамыктан коргойт.

Кызылча, паротит жана кызамык чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө оңой жугуучу вирустук инфекциялар.

"Бул үч оорунун белгилери сасык тумоого окшошуп кетет, бирок буга кошумча бүт денеде так исиркектер жана ооруткан шишиктер пайда болот. КПК вакцинасын албаган балдар эпидемия учурунда коркунучка кабылышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий