• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кызыл-Кыя шаарында издөөдө жүргөн эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында издөөдө жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-27-январь күндөрү Кызыл-Кыя ШИИБнин кызматкерлери тарабынан “Издөө” иш-чарасы уюштурулуп, шаар аймагында кылмыш жасап издөөдө жүргөн жарандарды аныктоо жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери ыкчам иш-аракеттерди өткөрүштү.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен издөөдө жүргөн Баткен шаарынын 19 жаштагы М.З. аттуу тургунунун жүргөн жери аныкталып, Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ошондой эле КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен издөөдө жүргөн Ноокат районунун Жар-Коргон айылынын тургуну 47 жаштагы П.Тнын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, “Издөө” иш-чарасынын жүрүшүндө шаар аймагындагы жашаган тургундарга кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий