• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кызыл-Кыя шаарында милиция дайынсыз жоголгон эки адамды издөөдө

Аймак 0

Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында милиция дайынсыз жоголгон эки адамды издөөдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, жолдошу 1978-жылы туулган Хашимов Абдурасул Равшанович 2022-жылдын 12-июнда үйдөн аталган даректеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Белгилери: арык чырай, кашы, көзү кара, чачы кыска ак аралаган, ак жүздүү, бою 180-185 см, психикалык жактан жабыркабайт.

Кийген кийимдери: үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.

Экинчиси Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу 2007-жылы туулган Хасанова Дилноза Адхамжановна өзү жашаган үйүнөн 2022-жылдын 15-сентябрь күнү саат 17:30 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуууда. Анын дайынсыз болуп жатканын айтып эжеси милицияга арыз менен кайрылган.

Белгилери: арык чырай, буудай өңдүү, кашы көзү кара, чачынын узундугу 5-6см, бою 150-155 см, психикалык жактан жабыркабайт.

Кийген кийимдери: үстүндө жана шымы көк түстөгү джинса, бутунда ак-кызыл түстөгү спорттук бут кийим.

Бул эки арыз Кызыл-Кыя ШИИБне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Дайынсыз жоголгон жашы жете элек Хасанова Дилноза Адхамжановна жана Хашимов Абдурасул Равшановичтин жүргөн жерин билгендер болсо төмөндөгү телефондорго билдирип коюуӊуздарды суранабыз: 102, 03657 5-04-20, 03622 5-01-24, 0779 81 81 31", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий