• 88.68
  • 95
  • 0.95

Лейлекте куралды мыйзамсыз сактап жүргөн эки жаран аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Баткендин Лейлек районунда “Арсенал” жана “Издөө” иш-чаралары жүргөнүн облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Лейлек райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүрүп, Лейлек айылынын 47 жаштагы И.Ю. аттуу тургунунун үйүнөн мыйзамсыз сакталган сайлуу ок атуучу курал жана анын сегиз даана огу алынган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандын үйүнөн алынган “СКС” үлгүсүндөгү сайлуу куралдын эч кандай документтери аныкталган эмес.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) менен катталып, тергөө иштери башталган.

Кылмыш ишинин алкагында Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын 26 жаштагы А.у М. аттуу тургуну жашаган турак үйүнөн 16 калибрдеги бир стволдуу сайсыз ок атуучу курал эки даана огу менен мыйзамсыз сакталганы аныкталган.

Алынган ок атуучу куралдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий