• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас аэропорту" Бостеридеги пансионаттарын аутсорсингге берет. Шарттары

Коом 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. "Манас» эл аралык аэропорту" ААКсы өзүнө таандык болгон социалдык объектилерди оперативдүү башкарууга (аутсорсингге) берүү боюнча конкурс жарыялайт.

Аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында жайгашкан объекттер үч айлык мөөнөткө оперативдүү башкарууга берилет: 2023-жылдын июнь айынан август айына чейин.

Объекттер:

- 3 кабаттуу "Манас" аэропорту» пансионаты -155 орун;
- 5 кабаттуу “Асыл-Таш” корпусунун 2-кабаты – 72 орун;
- пансионаттын аймагындагы ашкана - 80 орундук.

Шарттары:

- Аутсорсер жумушту уюштуруу үчүн кызматкерлерди ишке кабыл алууну өз алдынча жүргүзөт;
- «МЭА» ААКнын прейскурантында бекитилген баа боюнча «МЭА» ААКнын кызматкерлеринин арыздарынын негизинде милдеттүү түрдө жайгаштыруу;
- Төлөмдүн 50%ы келишим түзүлгөндөн кийин 5 банктык күндүн ичинде жүргүзүлөт, калган 50% аутсорсер тарабынан 2023-жылдын 31-августуна чейин төлөнөт;
- Бардык чыгымдарды аутсорсинг өзү көтөрөт;
- Келишим аяктагандан кийин бардык объектилер «МЭА» ААКга өткөрүлүп берилет.

Кызыккандар сунуштарды жана табыштамаларды ушул жылдын 18-апрелине чейин manas.smto@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсө болот.

Пикир

Оставить комментарий