• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чынбаеванын демилгеси менен бир катар маморгандарда иштеген балдар үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын демилгеси менен бир катар министрликтер менен ведомстволордо иштеген балдар үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Иш-чара Эл аралык эмгек уюму тарабынан түзүлгөн 12-июнда белгиленүүчү Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнүн алкагында уюштурулган.

Бул күнү үч министрлик менен ведомстводо 24 иштеген бала топторго бөлүнүп, мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте алардын ишмердүүлүгү менен таанышып, кызыктырган суроолоруна, атап айтканда, милдеттүү билим алуу жана андан аркы ишмердүүлүк боюнча жооп алышты.

Ошондой эле, балдардын бир тобу Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгына барып, Асел Чынбаева балдар менен жылуу маанайда баарлашып, Катчылыктын ишмердүүлүгүнүн багыттары жана балдар үчүн пайдалары тууралуу айтып берди. Сүйлөшүү учурунда ал балдар менен билим алуу жана андан кийинки иштөө боюнча өзүнүн жеке тажрыйбасы менен бөлүштү, алар менен милдеттүү билим алуунун зарылдыгы жана мааниси, балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирбеген эмгек маселелерин талкуулады.

Өз кезегинде балдар көңүл буруп, алынган пайдалуу маалыматтарга жана өздөрүн кызыктырган суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылыктарын билдиришти. Мындай жолугушуулар билим алууга, кесип тандоого, ийгиликтерге жетишүүгө түрткү болуп жатканын белгилешти.

Жолугушуунун аягында балдарга баалуу белектер тапшырылды.

Иштеп жаткан балдарды кабыл алуу балдардын турмуштук оор абалын чечүү боюнча кызматтардын толук комплексин көрсөтүп, баланын үй-бүлөгө жана мектепке кайтып келишине шарт түзүп берген Бишкектеги “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий