• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Манас» аэропорту Кыргыз футбол бирикмесинин расмий өнөктөшү болду

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. «Кыргыз футболдук бирикмеси» юридикалык жактардын бирикмеси жана «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому 2023-жылдын 10-мартында тараптардын өз ара аракеттенүүсүнө багытталган кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту.

Макулдашууга ылайык, «МЭА» ААК Кыргыз футболдук бирикмесине демөөрчүлүк жардам көрсөтөт. Келишим өз ара мамилелердин негизги принциптерин аныктап, ата мекендик футболдун өнүгүү кызыкчылыктарын колдойт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылкы Азия кубогунун финалдык мелдешине катышат.

Анын Азия футбол конфедерациясына кирген өлкөлөрдүн курама командаларынын мындай масштабдуу турнирине экинчи жолу катышуусу Кыргызстан үчүн маанилүү окуя болуп саналат, ал мамлекеттин жана КФСнын эл аралык аренадагы аброюн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий