• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 21.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мээрим Жуманазарованын 68 кг салмакта алгачкы атаандашы Азия чемпионатынын эки жолку коло медалынын ээси казакстандык Мадина Бакбергенова болду. Күрөш башталганда эле Жуманазарова күчтүүгүлүн көрсөтүп, бир-эки упайдан алып жатып, 5:0 эсебинде утуп алды.

Кийинки кореялык Сужин Паркты кыргызстандык спортчу ары-бери оодарып, мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды. Мындан улам Жуманазарова жарым финалга көтөрүлдү.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу 2021-жылы Азия чемпионатынын финалында жеңип алган монголиялык Делгерма Энксайхан менен кайрадан күчүн сынады. Бул кармашта Жуманазарова 7:2 эсебинде атаандашын утканы менен аз жерден бутун кокустатып ала жаздады.

Финалды казакстандык Мадина Бакбергенова менен килем үстүнө чыгат.

Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова 2021-жылы Токио Олимпиадасынын коло байге ээси жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле Казакстандагы өткөн мелдеште Азия чемпиону болгон.

Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар жалпы алты медаль багындырышты:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Тынар Шаршенбеков - 63 кг;
Акжол Махмудов - 77 кг.

Коло медаль:
Адилхан Нурланбеков - 72 кг;
Үзүр Жузупбеков - 97 кг;
Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий