• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мектеп автобусу катышкан жол кырсыгы. 16 адам жабыркап, анын экөө оор абалда

Кырсык 0


Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинен "Манас” аэропорту - Бишкек унаа жолунда мектеп автобусу катышкан жол кырсыгында жабыркагандардын абалы тууралуу айтып беришти.

“Кабар” агенттигине ведомстводон билдиришкендей, тез жардам кызматына чакыруу саат 11:15те түшүп, кырсык болгон жерге эки бригада жөнөп кеткен. Жабыркагандар тез жардам кызматы жана жолдо келе жаткан унаалар менен №1 шаардык ооруканага жеткирилген. Андан соң Бишкектеги тез жардам борборунун бригадалары тартылып, алар жабыркаган балдарды шаардык тез жардам ооруканасына алып кеткен.

Болжол менен кырсыктын кесепитинен 16 адам жабыркаган. Тизме түзүлүүдө. Медициналык кызматкерлер тиешелүү жардам көрсөтүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык, эки бала оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Кененирээк, такталган маалымат кийинчерээк берилет.

Пикир

Оставить комментарий