• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Министрлер кабинетинде Кичи Памирдеги этникалык кыргыздардын абалы боюнча кеңешме өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова афган-тажик мамлекеттик чек арасынан өтүп, Тажикстан Республикасынын аймагында убактылуу жайгашкан Афганистандын Кичи Памириндеги этностук кыргыздардын абалы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө КР Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматтары угулду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасынын өкмөтү жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен биргеликте афгандык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын аймагына эвакуациялоо боюнча тийиштүү иш алып барууда. Кыргыз Республикасы аларды кабыл алууга даяр.

Кеңешменин жыйынтыгында компетенттүү мамлекеттик органдарга этностук кыргыздарды эвакуациялоо, көчүрүү үчүн жерди даярдоо, зарыл инфраструктураны түзүү, аларга медициналык, социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын жыйындысын иштеп чыгуу тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине этникалык кыргыздарга «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык гуманитардык уюмунун линиясы аркылуу медициналык жардам көрсөтүү маселелесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий