• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы айыл чарба форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстанда туруктуу агро өнөр жай секторун түзүүгө арналган агрардык форумга катышты.

"Бүгүн бул жерде министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосунда 52,4 млн АКШ долларлык "Кыргыз Республикасындагы ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлат. Климаттын өзгөрүшү табигый кырсыктарга таасирин тийгизет. Сел эгин аянттарына зор зыян келтирет. Бул үчүн Кара-Дарыя, Кара-Үңкүр, Жазы, Араван-Сай жана башка дарыялардын нугунда дамба, жээкти бекемдөө курулуштары жана башка иштер жүргүзүлүп, атайын техникалар жана инженердик жабдуулар да сатылып алынат. Бул долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы менен 10 миңге жакын кожолук сакталып, болжол менен 82,9 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү экономикалык жоготуулардын алдын алабыз деп күтүлүүдө”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы, 2050-жылга карата эксперттердин эсептөөсү боюнча Борбор Азияда калктын саны 27%, тамак-ашка болгон суроо-талап 35%, ичүүчү сууну керектөө 50% көбөйөрүн белгиледи. Региондун потенциалын ачуу үчүн деңизге чыга албагандык, ресурстарга көз карандылык, финансылык инструменттерге жеткиликтүүлүктүн төмөн деңгээли жана климаттын өзгөрүшүнүн таасири сыяктуу башка чакырыктарды жеңүү маанилүү.

"Ошол эле учурда суу Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдө жашоонун негизги артериясы болуп саналат. Суу жана жашыл энергетика региондогу бардык мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн Борбордук Азияда бириктирүүчү фактор боло алат жана болууга тийиш", - деди ал.

Акылбек Жапаров өз сөзүнүн уландысында Экономика жана соода министрлигинин 2024-жылга карата болжолу боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 1 410,0 млрд сомду, ал эми реалдуу өсүү темпи 6,0%ды түзөрү күтүлүүдө. 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомдон ашык сумманы түзсө, 2024-жылы 600,7 миллиард сомду түзүүсү пландалууда.

"2024-жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 2,8%га өсүүсү күтүлүүдө, анткени өсүмдүк өстүрүү 2,7%га, мал чарбасы 2,2%га өсөт. Жарандарыбызды дүйнөлүк рыноктордогу туруксуздуктан коргоо жана жеткиликтүү баада сапаттуу продукциянын болушун камсыздоо үчүн азык-түлүк бааларынын туруктуулугун камсыз кылуу өзгөчө маанилүү", - деди ал.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Айыл чарба министрлиги тарабынан республика боюнча 11 МТСтин ачылышы, 16 ири инфраструктуралык объектинин ишке киргизилиши, Ош жана Чүй облустарында соода-логистикалык борборлордун ишке киргизилиши, Чүй облусунда консерваланган варенье түрүндөгү жемиш азыктарын өндүрүү, Чүй облусунун Москва районундагы «Кыргыз продуктусу» сыяктуу соода-логистикалык аймактарда тармактарды кеңейтүү жана башка долбоорлорду ишке кириши күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында КР Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосунда Кыргыз Республикасындагы ландшафтты туруктуу калыбына келтирүү долбоору боюнча макулдашууга кол коюу аземи өттү. Бул долбоор мөңгүлөргө, кар катмарына, сел жана суу ташкындарына мониторинг жүргүзүү боюнча өкмөттүн потенциалын жогорулатууга, ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу жана адаптациялоо боюнча чараларды ишке ашырууга көмөк берет.

Пикир

Оставить комментарий