• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

ИИМдин Күзөт кызматы 6 ай аралыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы алты ай аралыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Ыкчам кеңешмеге ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов, Күзөт кызматынын башчысынын орун басарлары, борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, Ведомстволук милиция полкунун командири, Түштүк башкармалыгынын башчысы жана түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

ИИМдин Күзөт кызматынын 6 ай аралыгындагы аткарылган иштери боюнча видеотасмасы көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө башкармалыктардын жана түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары аткарылган иштер боюнча маалыматтарды беришип, алардын алдына тапшырмалар коюлду.

Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүндө 2023-жылдын 3-февралындагы ИИМдин коллегиясынын чечиминин талаптарын аткарууда Күзөт кызматы 6 ай аралыгында бир топ иштерди аткарууга жетишкен. Алсак, Күзөт кызматынын борбордук көзөмөл пунктунун бөлмөлөрү реконструкцияланып бүткөрүлдү. Ошондой эле интернет, локалдык тутумдары, телефон жана радиобайланыштары жаңыдан тартылып автоматташтырылган иш орундарына орнотулуп толугу менен ишке берилди.

Күзөт кызматынын санарип багытында ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлде өнүктүрүү максатында 2023-жылдын апрель айында Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов атайын делегация менен Россияда өткөн Securiti Moscow-2023 көргөзмөсүнө катышты. Анда жаңы техникалык каражаттар менен таанышып, Күзөт кызматында колдонулуп жаткан пульттарды интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрү, зымсыз датчиктерди изилдөө, күзөт жана өрт сигнализациялары, интеграцияланган коопсуздук тутумдары боюнча техникалык каражаттарды даярдаган алдыңкы завод-өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мындан сырткары, иш сапардын алкагында Росгвардиянын ведомстволук эмес коопсуздук боюнча илимий-изилдөө борборунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жарандардын мүлкүн, стратегиялык объектилерди кайтарууда кызматкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлдү. “Ыкчам күзөт” долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы түзүм бөлүмдөрүнүн кармоо топторунун кызматкерлерине бодикамералар, планшеттер берилип, автоунааларына орнотулган GPS-навигациясы видеодубалга чыгарылды. Бул иш-чаралар аймактагы күзөт бөлүмдөрүндө дагы четинен ишке ашырылууда.

Кеңешменин жүрүшүндө ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов өздүк курамдын кызматтык тартипти сактоосуна басым жасап, кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртууну талап кылды. Ошондой эле, стратегиялык объектилерди, жарандардын мүлктөрүн ишенимдүү кайтаруу боюнча тапшырмалар коюлду.

Иш-чаранын соңунда Октябрь Урмамбетов Күзөт кызматынын ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалап, 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча алгылыктуу жыйынтыкка жетише албаган бир катар жетекчилерге белгиленген мөөнөттө өз ишин жакшырта албаса, тартиптик жоопкерчиликке тартылаарын эскертти.

Пикир

Оставить комментарий