• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жаш изилдөөчүлөр индекстелген журналга макалаларды даярдоону үйрөнөт

Билим 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Жаш изилдөөчүлөр индекстелген журналга макалаларды даярдоону үйрөнөт, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына караганда, 11-июлдан 14-июлга чейин “Scopus тарабынан индекстелген журналга илимий макаланы кантип жазуу жана жарыялоо керек” жайкы мектеп өткөрүлөт.

Билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек жайкы мектептин расмий ачылышына катышып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперттер тарабынан иштелип чыккан бул интенсивдүү программа катышуучуларды Scopus тарабынан индекстелген журналдарда илимий макалаларды жазуу жана жарыялоо үчүн керектүү билим жана көндүмдөр менен жабдууга багытталган.

Жайкы мектептин 26 катышуучусу сынактын жыйынтыгында тандалып алынган.

Белгилей кетсек, жайкы мектеп Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандагы Улуттук Эразмус+ өкүлчүлүгү жана “Ала-Тоо” өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулууда.


Маалымат үчүн: Scopus — рецензияланган адабияттарга, анын ичинде илимий журналдарга, китептерге жана конференциялардын материалдарына аннотацияларды жана цитаталарды камтыган маалымат базасы.

Пикир

Оставить комментарий