• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Мурас” турниринин чейрек финалына өткөн командалар белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 14.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турниринин тайпалык оюндары өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, парламенттин, сот, укук коргоо органдарынын, элчиликтердин, массалык маалымат каражаттарынын, бизнестин, маданияттын, спорттун, дин кызматкерлеринин жана башка тармактардын өкүлдөрү кирген 16 команда катышты.

Командалар төрт тайпага бөлүнүп, оюн өткөрдү. Биринчи жана экинчи орунга илинген командалар чейрек финалга өттү:
- А тайпасынан “Президенттин командасы” жана “Спорттук федерациялар”;
- В тайпасынан “Жогорку Кеңеш” жана “Достук”;
- С тайпасынан “Элчилер” жана “Спорт жылдыздары”;
- D тайпасынан “Ыйман” жана "Өнөр” командалары.

Эртең, 15-декабрда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган "Мурас” достук турнири өтүүдө. Аталган оюн жылына эки жолу: кышында жана жазында өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий