• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокаттын Борко айылында Өнүгүү борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 15.10.22 /Кабар/. Күн мурун, 14-октябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Борко айылында Өнүгүү борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кореянын Good Neighbors уюму билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган борбор Кыргызстанда 2021-2025-жылдар аралыгында Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) тарабынан каржыланып, Кореянын алдыңкы Good Neighbors (Гуд Нейборс) бейөкмөт уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун» алкагында ачылган.

Өнүгүү борборунун ачылышына президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ноокат районунун акиминин орун басары Мамажунус Абилов, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чже, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсу, Good Neighbors уюмунун өлкө боюнча директору Чун Хонгсу, аталган уюмдун жана ЖӨБ орган кызматкерлери, жергиликтүү жашоочулар катышты.

Эрнис Толтоев өз сөзүндө KOICA жана Good Neighbors уюмдарына Ош облусунда айыл чарба жана билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми элчи Ли Вон Чже айыл жеринде айыл чарба жана мал чарбасы аркылуу жергиликтүү элдин кирешелерин жогорулатууга багытталган долбоорлорду аягына чыгарууга ишендирди.

Белгилей кетсек, жалпысынан Ош жана Баткен облустарынын 30 айылына курулуп жаткан Өнүгүү борбору көп максаттуу болуп саналат: айыл жергесиндеги калктын, өзгөчө аялдардын социалдык-экономикалык ишмердүүлүгүнө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана аларды колдоо аркылуу алардын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө. Тактап айтканда, борбор негизинен кыска мөөнөттүү балдар бакчасынан жана ар кандай билим алуу үчүн конференц-залдан турат. Ошондой эле долбоор боюнча бакча (огород) программасы да уюштурулат.

Маалымат үчүн: Good Neighbors уюму 2021-жылдын сентябрынан 2025-жылдын декабрына чейин Ош жана Баткен облустарынын 10 айыл аймагына караштуу 30 айылындагы 85 миңдей калкты түзгөн жергиликтүү жашоочулар үчүн «Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорун» ишке ашырууда.

Долбоордун максаты – айыл жеринде айыл чарба жана мал чарбасы аркылуу жергиликтүү элдин кирешелерин жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий