• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында кыймылсыз мүлк жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 11.03.23./Кабар/. Ош шаарында “ЭКСПО-2023” деп аталган кыймылсыз мүлк жарманкеси өтөт.

Шаардык мэриядан кабарлашкандай, жарманке 17-марттан 19-мартка чейин уланат.

Маалым болгондой, иш-чаранын программасында 40тан ашуун курулуш компаниялары жана курулуш цехтери өздөрүнүн жетишкендиктери жана курулуп жаткан объектилери тууралуу маалымат беришет.

Мындан сырткары, ар бир адам турак-жай куруу боюнча көп берилүүчү суроолоруна жооп ала алат. Ошондой эле банктар жана өнөктөш уюмдар турак жай ипотекасы боюнча кеңири маалымат беришет.

Жарманкенин өтүүчү жери – “Жаннат Resort” ресторан комплекси.

Иш-чараны IG Development жана LTD Jannat компанияларынын кыймылсыз мүлк боюнча эксперттери уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий