• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош ШИИБси: Журналист Ыдырыс Исаков күбө катары суралды

Коом 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Журналист Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына күбө катары чакыртылды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада «ТикТок» социалдык түйүнүндө «Альберт» (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу «Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген башкы теманын алкагында кыскача видеоролик жарыяланып, анда Ыдырыс Исаковдун видео кайрылуусу дагы болгон. «Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ош ШИИБнын тергөө кызматына Ыдырыс Исаков 5февралда күбө катары чакырылып, кайрылуу качан жасалгандыгы, кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгы суралды.

Ыдырыс Исаков видео жүктөгөн «Альберт» деген атуулду тааныбай тургандыгын, бул видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан монтаждалып белгисиз адамдар тарабынан жасалгандыгы жана кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгын билбегендигин билдирди. Күбө катары суралган Ыдырыс Исаков бир саатка жетпеген убакытта Ош ШИИБнын тергөө кызматында болду», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий