• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто эки жаран эскертүүлөргө карабай мыйзамсыз лотерея уюштуруп келген — УКМК

Укук тартиби 0


Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Ош облусунда К.у.К. жана Б.М.А. аттуу жарандар тиешелүү лицензия албай туруп, “Ош сила” аталышындагы профессионалдык лотереяны уюштургандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Тергөөнүн жүрүшүндө К.у.К. жана Б.М.А.га мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир нече жолу көрсөтмөлөр берилген. Бирок алар көрсөтмөнү эске албай, лотереяны уюштурууну уланткан. Өз кезегинде К.у.К. жана Б.М.А. лотереяга катышуу үчүн билеттерди сатып, “М-Банк” тиркемеси аркылуу төлөм алган. Ал эми лотереянын жүрүшү YouTube каналы аркылуу көрсөтүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүмү (“Мыйзамсыз ишкердик кылуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Уюштуруучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда лотерея барабандары, лотерея билеттери жана тергелип жаткан ишке тиешелүү башка буюмдар жана документтер алынган.

Учурда аталган иш боюнча бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий