• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто кышында жолдорго чачууга 112 тонна техникалык туз даярдалды

Аймак 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-ноябрда Ош шаарынын мэриясында кар жааган мезгилде калаадагы жолдорду тейлеген ишканалардын даярдыгы талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жетектеген жыйынга Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, адистештирилген коммуналдык жана жол чарба ишканаларынын, кызматтарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ишканалардын техникалык туз жана кум даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан даярдык иштеринин маалыматы угулду.

Эскерте кетсек, Ош шаарындагы жолдорду кыш мезгилинде Ош шаардык жолдор башкармалыгы, "Ош-Тазалык", "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" ишканалары кардан тазалайт. Учурда бул ишканалар 112 тонна техникалык туз даярдашкан.

18 даана атайын техника толугу менен ишке даяр. Жакынкы аралыкта кошумча 200 тонна техникалык туз сатып алынат.

Пикир

Оставить комментарий