• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Сулайман-Тоо жана Навои эс алуу жайларында өспүрүмдөрдү тоноп жүргөндөр кармалды

Аймак 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Ош шаарында Сулайман-Тоодо жана А. Навои эс алуу багында жаш өспүрүмдөрдү тоноп жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 8 тургуну үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында балдарын белгисиз адамдар Сулайман-Тоодо жана А. Навои эс алуу багында тоноп жатканын айтып, арыз менен Ош шаардык милициясына кайрылышкан.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 201-беренеси ("Тоноо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Милиция тарабынан кылмыштарга шектүүлөрдү издөө иштери күчөтүлүп, ушул жылдын 6-июнь күнү Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 3 жаш өспүрүм кармалган.

Шектүү катары кармалгандар Ош шаарынын 2004-жылы туулган тургундары М.И, Т.С, А.С. болгон. Кармалган учурда алардын жанынан далил катары буюмдар табылган.

Шектүүлөр эс алуучу бакчасында жүргөн жаш өспүрүмдөрдү коркутуп, уюлдук телефондорун, кийимдерин тартып алып жүрүшкөн.

Ош шаардык соту тарабынан жаш өспүрүмдөрдүн баш коргоо чарасы каралып, жаш өзгөчөлүгү эске алынып, үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий