• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Жиддадан келген биринчи каттамды суу аркасы менен тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. "Ош" эл аралык аэропортунда Жиддадан (Мекке) биринчи каттамды тосуп алышты. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи каттам менен Оштон 157 жүргүнчү учуп кетти.

Сауд Арабиянын "Flynas" авиакомпаниясы Жидда - Ош - Жидда багыты боюнча жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү Airbus A-321 NEO учагы менен үзгүлтүксүз каттамдарды аткармакчы.

"Flynas" авиакаттамдарына билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан, ошондой эле өкүлчүлүктөрүнөн сатып алсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий