• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштогу Салиева көчөсү жана сейил бак толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.05.22. /Кабар/. Ош шаарындагы Салиева көчөсү жана сейил бак толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, көрктөндүрүлүп, жашылдандырылган соң пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, май майрамдарына шаардыктарга белек болгон көчө менен аллеянын ачылышына мэр Алмаз Мамбетов баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков баштаган эл өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

“Манас-Ата” МАБындагы Уркуя Салиева көчөсүндөгү жолдун 2 чакырым бөлүгүнө жаңы асфальт басылды. Аны менен катар аллеяда балдар үчүн шарттар түзүлдү. Фонтан, инсталляциялар, балдар аянтчасы жана жарыктандыруу орнотулду. Түнү Кыргызстандын желеги көчөнүн башталышына өзгөчө көрк берип турат. Кошумча эки аялдама жана ажаткана курулган.

Мэрия бул түзүлгөн шарттарды узак убакыт пайдалануу үчүн шаардыктарды аяр мамиле кылууга чакырат жана видеокамералар орнотулганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий