• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков ЕЭК төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келген Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү ортосундагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле ЕЭК тарабынан ЕАЭБ ичиндеги өз-ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Тараптар экономикалык, өнөр жай жана айыл чарба кооперациясы долбоорлорун ишке ашыруу жана бул жаатта кызматташуу тууралуу пикир алмашты. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Алматы (Казакстан Республикасы) шаарында өтүүчү ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жана өкмөттөр аралык кеңешинин күн тартибинин маселелери талдоого алынды.

Пикир

Оставить комментарий