• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Президент Жапаров Индиянын премьер-министри менен кызматташтык маселелерин талкуулады

Президент 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Глазго шаарында Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин алкагында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу байланыштардын кеңири багыттары боюнча, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров жана премьер-министр Нарендра Моди Кыргызстан менен Индия ар тараптуу кызматташтыктагы көп жылдык мамилелери бар дос өлкөлөр экенин белгилешип, аларды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Нарендра Моди Садыр Жапаровду 2022-жылы ыңгайлуу убакта Индияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий