• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Президент Жапаров Владимир Путинди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын алкагында Владимир Путин менен жолугуп, аны Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, эки тарап тең кызыкдар болгон бардык маселелер боюнча биргелешип иш алып баруунун келечегин талкуулашты.

"Садыр Жапаров Кыргызстан Россия менен кызматташууга ар дайым даяр экенин айтып, Владимир Путинди Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды", - деп айтылат президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан билдирүүдө.

Эки өлкөнүн башчылары мамлекеттер аралык диалогдун жогорку деңгээлин ырасташып, саясий, аскердик-техникалык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өз ара колдоого даяр экендигин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий