• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте прокурордун улук жардамчысы 450 миң сом пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.04.23./Кабар/. Бишкекте прокурордун улук жардамчысы 450 миң сом (5 миң АКШ доллары) пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган Борбугулов Абдубали Тайырбекович өзү тергеп жаткан сотто каралып жаткан иш боюнча оң чечим чыгаруу жана арыз ээсине карата өзүнчө сотко чейинки өндүрүштү жокко чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылган.

Б.А.Т. 19-апрелде саат 18:40та УКМКнын кызматкерлерлеринин Мамлекеттик прокуратуранын Тергөө башкармалыгы менен биргеликте жургүзгөн ыкчам иш аракетинин аркасында кармалган.

Пикир

Оставить комментарий