• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сүйүнбек Касмамбетов Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гюнай Эфендиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, бир туугандык жана достук мамилелерди чыңдоо, түрк элдеринин маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоону талкуулашты.

Мамлекеттик катчы фонддун кыргыз элинин маданиятын жана мурастарын жайылтуу боюнча аракеттерин өзгөчө белгиледи.

Тактап айтканда, фонд Ош шаарында VII Эл аралык “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалын ийгиликтүү өткөрүүгө колдоо көрсөтүп, бул майрамдын негизги демөөрчүлөрүнүн бири болду. Мындан тышкары Фонд «Манас» эпосуна арналган китепти кыргыз жана азербайжан тилдеринде басып чыгарып, ошондой эле белгилүү кыргыз манасчысы Рысбай Исаковдун Сагымбай Орозбаковго таандык вариантын кара сөз түрүнө айланткан китебинин басып чыгарган.

“Фонддун туруктуу колдоосунун аркасында кыргыз элинин маданий мурасы түрк дүйнөсүндө дагы даңазаланат”, - деп баса белгиледи Сүйүнбек Касмамбетов.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз элинин руханий мурасын изилдөө жана аны түрк тилдүү элдерге жайылтуу багытында мындан ары да натыйжалуу кызматташууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий