• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саат 14:00гө карата чет өлкөлөрдө 3 миң 585 кыргызстандык добуш берди - ТИМ

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Саат 14:00гө карата чет өлкөлөрдө 3 миң 585 кыргызстандык Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө карата Россия Федерациясында (Москва, Санкт-Петербург, Южно-Сахалинск, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Якутск, Иркутск, Сургут), Япония, Корея, Кытай (Пекин, Гуанчжоу), Малайзия, Индия, Пакистан, Казакстан (Астана жана Алматы), Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттары (Абу-Даби, Дубай), Иран , Беларуссия, Түркия (Анкара, Стамбул), Сауд Арабиясы, Катар, Кувейт, Украина, Германия (Берлин, Франкфурт-на-Майне, Бонн), Австрия, Италия, Франция, Улуу Британиядагы участкаларда добуш берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий