• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Азия чемпионатында ийгилик жараткан балбандарды куттуктады

Президент 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында байгелүү орундарды багындырган кыргыз балбандарын куттуктады.

Мамлекет башчысы өз билдирүүсүндө кыргыз балбандары мыкты күрөшүп, дайыма алдыңкы орундарды алып келе тургандыгын жазды.

"Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө.

Бул кубанычты тартуулагандар: алтын байге ээлери — Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков жана алтынга тете күмүш алган Үзүр Жусупбеков, коло байге ээлери — Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков.

Бул да болсо кыргыз спорту өнүгүп жатканынан кабар берет.

Балбандарыбызды бул жеңиши менен жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын", - деп, президент бүгүн килем үстүнө чыгып, өлкө намысын коргой турган кыздарга ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында жалпы жети медаль утту.

Күрөштүн бул түрү боюнча мелдеш 9-10-апрелде өтүп, анда кыргыз балбандары үч алтын, бир күмүш жана үч коло байге жеңди.

Алтын медаль:
Акжол Махмудов (77 кг);
Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
Акылбек Талантбеков (82 кг).

Күмүш медаль:
Үзүр Жузупбеков 97 кг.

Коло медаль:
Роман Ким (130 кг);
Раззак Бейшекеев (67 кг);
Адилхан Нурланбеков (72 кг).

Ал эми командалык көрсөткүчтө Кыргызстандын курамасы Ирандан кийинки экинчи орунга илинди.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий