• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык жана ИИМ кызматкерлери чек арада туруктуу коррупциялык схема уюштурган — УКМК

Укук тартиби 0


Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Пара талап кылуу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү “Пара талап кылуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз баюу максатында (ЕАЭБ жыйынды постунун) "Ак-Тилек автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш алып барган жеке ишкерлерден акча өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштургандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусу боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча сектордун улук инспектору В.Е.Х., Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча Мамлекеттик салык кызматынын инспектору Э.Н.А., Чүй облусунун күзөт кызматынын кызматкери, милициянын сержанты Т.А.Т. жанаМамлекеттик салык кызматынын кызматкери ортомчусу Д.Г.Б. кармалды.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий