• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сыртбай Мусаев: Кыргызстанга президенттик башкаруу формасы керек

Коом 0

6-февралда Жогорку Кеңештин сайтына Конституциянын жаңы долбоору жарыяланды. Жаңы Баш мыйзам президенттик башкаруу формасынын талаптарына жооп берет, ал үчүн кыргызстандыктар өткөн январда референдумда добуш беришти.

Жаңы Конституция боюнча “Кабар” агенттигине өзүнүн пикири менен бөлүшкөн Конституциялык кеңешменин мүчөсү, КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, КР улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, профессор Сыртбай Мусаев бүгүнкү күндө конституциялык реформа маселеси, ошондой эле долбоордун тексти кыргыз коомчулугунда эң курч маселе экенине көңүл бурду.

Профессордун айтымында, ал 20 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстанга президенттик башкаруу формасы зарыл экендиги боюнча маселе көтөрүп келет жана ушул жылдар аралыгында өзүнүн көз карашынан тайган эмес.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү бүгүнкү күндө коомчулуктун психологиясы бузулганына байланыштуу Кыргызстанга президенттик башкаруу формасы керек экендигин айтты. Ошондой эле ал 120 депутат өлкөнү башкара албай, алардын айрымдары министрликтердеги, райондордогу, айылдардагы, жада калса шаардын айрым көчөлөрүнөн орун бөлүштүрө баштаганын жон териси менен сезе алганын, парламенттик башкаруу формасы элди бөлүнүп-жарылууга жеткирип, өлкөнү өнүктүрүүгө, туруктуулукка жана тартип орнотууга алып келбегенин белгиледи.

Мусаев кийинки 10-15 жылда коомчулуктун аң-сезимин өзгөртүү жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга президенттик башкаруу формасы керек деп эсептейт. “Бул бүгүнкү жаңы Конституцияга сунушталып жаткан негизги маселе жана анын жаңы редакциясындагы биринчи алгылыктуу жагы”, - деди С. Мусаев.

Ошондой эле профессор Конституциянын жаңы редакциясынын дагы бир алгылыктуу жагы Баш мыйзам тарабынан жүктөлүп жаткан президенттин жоопкерчилиги экендигин белгиледи.

“Жаңы Конституция боюнча президентте укук дагы, милдет дагы, ага ылайык чоң жоопкерчилик да бар”, - деди Мусаев.

Мусаев көңүл бурган үчүнчү алгылыктуу жагы - президенттин ишмердүүлүгүн тариздей ала турган Элдик курултай институтунун киргизилиши болгон.

“Конституциянын жаңы редакциясындагы ушул үч өзгөчөлүк Конституциялык кеңешменин ишиндеги башкы жетишкендик болуп саналат”, - деди ал.

Идеалдуу эч нерсе жок деген профессор айрым кемчиликтер бар экенин, бардыгы акырындык менен тартипке келерин кошумчалады.

“Бирок сунушталып жаткан Конституцияда негизги принциптер, негизги багыттар туура уюштурулду. Эгер биз чындыгында эле алдыга карай жүргүбүз, мамлекетти өнүктүргүбүз, реформа жасагыбыз келсек анда азыркы чакырылыштын депуттары сунушталган конституциянын вариантын колдошу керек. Мен бул туура чечим болот деп ойлойм”, - деп сөзүн жыйынтыктады Мусаев.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий