• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды — "Кыргызавтожол"

Коом 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Бишкек - Ош унаа жолунун 81 км бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек - Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилгени маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий