• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин аппараты менен жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.08.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын жетекчилери, бөлүм башчылары жана орун басарлары менен жыйын өткөрдү.

Анда Жогорку Кеңештин III сессиясынын башталышына карата даярдыктар талкууланып, бөлүм башчылары тиешелүү баяндамаларды беришти. Төрага Нурланбек Шакиев угулган маалыматтын жыйынтыгы боюнча парламенттин Аппаратынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча бир катар сунуш-пикирлерин айтты.

Атап айтканда, төрага Нурланбек Шакиев Аппараттын кесипкөй иши жалпы парламенттин сапаттуу иштешине түздөн-түз таасирин тийгизерин белгиледи.

"Ар бир бөлүм өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп, белгиленген милдеттерин өз убагында жана так аткаруусу кажет. Дүйнө бир орунда турган жок, биз эскиче иштөө ыкмаларынан арылып, жаңы технологияларды көбүрөөк колдонушубуз зарыл», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий