• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төраганын орун басары Жамиля Исаева ЕККУ ПАнын вице-президенти менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Күн мурун, 21-апрелде, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) вице-президенти Пиа Каума менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин ЕККУ ПАдагы делегациясынын мүчөлөрү, депутаттар Мирлан Самыйкожо, Айгүл Айдарова, Марлен Маматалиев жана Миргүл Темирбаева катышты.

Жолугушууда кызматташтыкты бекемдөө маселелери тууралуу сөз болуп, анын ичинен Кыргызстан үчүн приоритеттүү багыттар боюнча долбоорлор талкууланды.

Төраганын орун басары Жамиля Исаева Пиа Кауманы ЕККУ ПАнын вице-президенти болуп шайланышы жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүл болуп дайындалышы менен куттуктады. Муну менен катар Кыргызстан ЕККУ ПАнын ишине жигердүү катышып жатканын белгилеп, мындан ары конструктивдүү мамилелердин өнүгүшүнө ишенээрин билдирди.

Жамила Исаеванын айтымында, Кыргызстан ЕККУ менен экономикалык жана экологиялык чөйрөдө активдүү кызматташууга кызыкдар. “Бизге чакан жана орто бизнести, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, транспорт-логистикалык секторду өнүктүрүүгө, коррупцияга каршы күрөшүүгө тиешелүү долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашырууда колдоо керек. Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын алдында тоо мөңгүлөрүн жана тоо токойлорун сактап калуу, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү сыяктуу маселелер турат”, - деп кошумчалады төраганын орун басары.

Андан тышкары, Кыргызстан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер” деп жарыялоо боюнча резолюциясын демилгелөө ниетинде экенин эске салды. Ага ылайык, резолюциянын долбоорун колдоого жана бул демилгени ЕККУ ПАнын алкагында да жактап берүүгө чакырды.

Өз кезегинде Пиа Каума Жогорку Кеңеш менен ЕККУ ПАнын ортосундагы мамилелерге жогору баасын берип, кызматташтыкты кеңейтүү маселелери актуалдуу жана маанилүү бойдон кала берээрин кошумчалады. Ал ошондой эле ЕККУ ПАдагы жаңыдан түзүлгөн Жогорку Кеңештин делегациясы ийгиликтүү жана жемиштүү иш алып барарына ишенээрин билдирди.

Мындан сырткары, Кыргызстан ЕККУ менен биргеликте ишке ашыруу үчүн сунуштап жаткан долбоорлор, өзгөчө суу ресурстары жаатындагы демилгелер өтө маанилүү экенин белгилеген Пиа Каума: “Борбор Азия өлкөлөрүндө суу маселеси актуалдуулугун жоготпой тургандыгын түшүнөбүз”, - деди.

Мындан тышкары, жолугушууда гендердик теңчилик темасы көтөрүлүп, тараптар парламентте аялдарга бөлүнгөн квота тууралуу сөз кылышты.

Пикир

Оставить комментарий