• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таалайбек Ибраев энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу энергетиктер жана тармактын ардактуу ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүсүз камсыз кылуу, кубаттуулукту көбөйтүү жана энергиянын кошумча булактарынын потенциалын колдонуу боюнча жумуштар жигердүү башталды жана алардын арасында ийгиликтүү аяктагандары да бар. Урматтуу кесиптештер, энергетика тармагындагы иштердин илгерилешине сиздердин салмыңыздар чоң.

Энергетика тармагы өлкө экономикасынын өзөгүн түзөт. Ошондуктан бул стратегиялык тармактын өнүгүшүнө өлкө жетекчилиги өзгөчө көңүл бурууда. Алдыда көптөгөн жигердүү пландар бар. Ал ийгиликтерди сиздер менен биргеликте багындырабыз.

Албетте, ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыгы жана түйшүгү бар, бирок энергетиктердин элине кылган эмгеги зор. Мына ошол ак эмгек жана адал ишиңиздер менен керектөөчүлөргө жарык жана жылуулук тартуулап жатасыздар.

Бардык энергетиктерге бакубат жашоо каалайм, жылуу күндөр көп болуп, жарык дайыма жанып турсун!», - деп айтылат министрдин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий