• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта катуу шамал чатырларды учурду

Аймак 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Таласта катуу шамал чатырларды учурду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июнда саат 21:00 чамасында облустун аймагында секундасына 20-26 метрге жеткен катуу шамал катталган.

“Талас шаарында шамал 1 турак үйдүн, сарайдын, мал базардын аймагында имараттардын чатырларын учуруп кетип, бактар кулап жолдорду тосуп калган. Ал эми Талас районунун Манас айылында Ш.Жумагулов атындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен. Ошондоц эле Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында турак үйдүн ашканасынын чатырына бак кулаган. Жабыркагандар жок”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жерине ЖК комиссиялары жана КР ӨКМнин ыкчам топтору тартылып тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тазалоо иш-чараларын жүргүздү.

Бүгүн, 7-июнь күнү кошумча тактоо иш-чаралары улантылат.

Пикир

Оставить комментарий