• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тамеки тартууга тыюу салуу. Бишкекте көңүл ачуу мекемелерине айып салынды

Коом 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамдын так сакталуусу боюнча рейддер уланууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан белгиленген эрежелерди бузгандыгы жана сактабаганы үчүн 3 оюн-зоок жайына (Шехеразаде, Болконский, Огни Баку) 39 миң сом өлчөмүндө протоколдор түзүлдү.

Бүгүнкү күндө Ленин району боюнча 2022-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан – 247 миң сом, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан – 243 миң сом суммасында протоколдор түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий